Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Тегеран санкциялар алынса 32 миллиард долларын кайтарып алат


Иран президенти Хассан Роухани Эл аралык атом энергиясы агенттигинин баш директору Юкийа Амано менен Тегеранда жолугушуу учуру, 18-январь, 2016-жыл.
Иран президенти Хассан Роухани Эл аралык атом энергиясы агенттигинин баш директору Юкийа Амано менен Тегеранда жолугушуу учуру, 18-январь, 2016-жыл.

МАГАТЭ Иран өзөктүк макулдашуу боюнча убадасына турганын тастыктады. Мындан улам Ирандын Борбордук банкынын башчысы Валиолах Сейф Тегеран санкциялар алынганына байланыштуу эл аралык банк эсептериндеги мурда бөгөт коюлган 32 миллиард долларын өзүнө кайтарып аларын билдирди.

Ирандын борбордук банкына карата киргизилген санкциялар быйыл 16-январда алынып салынган болчу. 2015-жылы июнь айында Ирандын дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк макулдашууга ылайык, Тегеран атомдук курал чыгаруу даярдыгын токтотуп, уран байытууну кыскартса, анда ага каршы киргизилген санкциялар алына турганы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG