Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

“Кыргызстан” фракциясындагы чырды прокуратура текшере баштады


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиеванын фракция лидери Канатбек Исаевдин үстүнөн Башкы прокуратурага жазган арызы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Эгер мыйзам бузуу фактылары аныкталса, Исаевге кылмыш иши козголушу ыктымал. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Элмира Жумалиева депутаттыктан кетүү тууралуу арызга кол койбогонун айтып, фракция лидерин жасалма документтерди жасаган деп күнөөлөп жатат. Исаев азырынча эч кандай комментарий бере элек.

11-январда фракциянын сунушунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул чечимди мыйзамсыз деп тапкан. Андан соң БШК Жогорку Сотко кайрылган. Иш 21-январда каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG