Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Парламент ГЭСтерди куруу келишимин денонсациялоо маселесин карайт


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлгөн ГЭСтерди куруу боюнча келишимди денонсациялоо маселеси каралат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейин аны фракциялар жана тийиштүү комитеттер талкуулаган.

Эгер денонсациялоо боюнча мыйзам кабыл алынса, өкмөт алты ай ичинде жаңы инвестор табарын экономика министринин орунбасары Айбек Калиев билдирген.

Өкмөт Орусия менен Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу жөнүндөгү 2012-жылы жетишилген келишимден чыгуу чечимин жакында кабыл алган. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында Орусия ГЭСтерди кура албасын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG