Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Өкмөт башчы мыйзамсыз аңчылыкка көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылгандарга каршы күрөштү күчөтүүнү тийиштүү органдарга тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамды бузгандарды эрежеге ылайык жазалоо боюнча буйрук берилди.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 пайдалануучу бар. Алардын 1 мамлекеттик, 9 коомдук уюм жана 42 жеке адам. Жапайы жаныбарлардын саны акыркы 20 жылда кескин азайып баратканы кабарланууда.

Парламентте аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG