Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Ооганстанда мурду кесилген аялдын окуясы нааразылык жаратты


Мурду кесилген Реза Гүл. 19-январь, 2016-жыл.

Мурду кесилген Реза Гүл. 19-январь, 2016-жыл.

Ооганстандын Фаряб провинциясындагы алыс кыштактардын биринин 25 жаштагы тургуну жубайынын мурдун кесип салды. Аялдын интернетке жайгаштырылган сүрөтү коомчулук арасында нааразылык жаратып, активисттер мындай кадамга барган эркекти жазага тартууну талап кылышууда.

Провинция борбору Маймана шаардык ооруканасынан кабарлашкандай, 22 жаштагы Реза Гүл бейтапканага 18-январда түшкөн. Аны Түркиядан барып дарылануусу үчүн госпиталь тийиштүү чараларды көрүп жатат. Жабырлануучунун күйөөсү айылдан качып кеткени айтылууда.

Ооганстанда аялдардын зомбулукка кабылуусу - өлкөнүн эң негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Фаряб провинциясында эле соңку бир жылда ыдык көргөн аялдардын саны үч эсе өскөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG