Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Парламент мандат талашы боюнча БШК маалыматын угат


Жогорку Кеңеш мандат талаш маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын бүгүн күн тартибине мурда киргизилген маселелерди талкуулагандан кийин укмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

"Кыргызстан" фракциясынын сунушу боюнча деген негизде Боршайком өткөн аптада депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул чечим мыйзамсыз деп аталган. Талаш маселе Жогорку Сотто 21-январда каралганы жатат.

Ага чейин "Республика" фракциясынан депутат Жыргалбек Саматов кош жарандыгы бар деген негизде мандатынан 3 жолу ажырап, акыр-аягы Жогорку Соттун чечими менен кайра депутаттыкка келген. (RK)

XS
SM
MD
LG