Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Денонсация үчүн Кыргызстан Орусияга 37 млн доллар төлөөгө милдеттүү болот


Эгер ГЭС куруу тууралуу макулдашуу бир тараптуу денонсациялана турган болсо Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып экономика министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди. Ал макулдашуунун 14-15-беренелерин мисалга келтирип:

- Бул Макулдашуудан чыкса Кыргызстан Орусия жана анын ыйгарым укуктуу уюму тарткан чыгымды компенсация түрүндө төлөп берүүгө милдеттүү болот деп жазылган, - деп айтты.

Садыковдун билдиргенине караганда, 2013-жылдан бери Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн инфраструктураны түзүүгө 37 миллион долларлык иш аткарылды.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу макулдашуу кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда 2012-жылы кабыл алынган. Бирок кыргыз тарап Орусиянын айынан иш жылбай жатканын айтып макулдашууну денонсацияламай болуп жатат. Буга чейин тиешелүү документ парламенттин комитеттеринде жана фракцияларында каралган. Бүгүн жалпы жыйында талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG