Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

"Жунда" заводунда түзүлгөн абал парламентте талкууланат


Чүйдөгү "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда түзүлгөн соңку кырдаал парламентте талкууланмай болду. Депутат Кожобек Рыспаев Каржы полициясынын чечими менен ишкана төрт күндөн бери токтоп турганын, 600-700 киши ишсиз калганын айтты.

Маалыматка караганда, заводдогу компьютерлер чапталып, айрым дисктерди Каржы полициясы алып кеткен.

Ал эми ишкананын жетекчи орун басары Ю Шан Лин 54 миллион сом салык төлөбөгөнү үчүн 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына камалды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG