Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казгандар көбөйдү


Ала-Букада мыйзамсыз алтын чайкагандар көбөйүүдө

Ала-Букада мыйзамсыз алтын чайкагандар көбөйүүдө

Ала-Бука район аймагындагы дарыянын жээгинде учурда 50гө чукул киши өз алдынча кен казып, алтын чайкоо менен алек болууда. Атын атагысы келбеген район тургуну бир айдан бери жумушсуздуктун айынан алтын чайкап жатканын, күнүнө 300-500 сом табарын бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Суу жээгинде кээ бир адамдар техника менен өз алдынча казып жатышат.

Чаткал, Ала-Бука жана Аксы аймактык экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекция башчысы Ырысбек Ызабеков аларды көмөзөлгө алууга мыйзам жол бербестигин айтып, мунун менен жергиликтүү бийлик алектениши керектигин билдирди. Ал эми район акиминин орун басары Бектур Сагынбаев болгону түшүндүрүү иштери гана жүрүп жатканын айтты.

Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесине ылайык аларды жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек.

Район аймагында лицензиянын негизинде 7 компания кен казуу иштерин алып барат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG