Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Атамбаев: Эң кыйын мезгилдер артта калды


“Эң кыйын мезгилдер артта калды, ууру-кескилердин, мамлекеттик кызматта жүрүп мультимиллионер болгондордун заманы бүттү”, - деди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте былтыркы “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана улуттук экономиканы чыңдоо жылынын” жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып.

Белгилүү болгондой, президент 31-декабрда республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дареметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн мамлекеттик сыйлык ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева менен Эл акыны, “Азаттыктын” кабарчысы Шайлообек Дүйшеев II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Ал эми спорт чебери, велоспорт боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөттүн Ош облусу боюнча мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов III даражадагы "Манас" орденине татыган.

Мындан сырткары президенттин жарлыгы менен бир катар ишмерлерге “Эрдик”, “Даңк” медалдары, Ардак грамотасы берилген. “Даңк” медалын алгандардын арасында актриса, "Курманжан датка" тасмасында башкы ролду аткарган Элина Абай кызы, ЖК депутаты, режисер Садык Шер-Нияз бар. Ал эми Эл жазуучусу наамы Элүүбай Отунчиевге берилген.

- Сиздердин жана миңдеген карапайым кыргызстандыктардын, жаратмандардын, эмгекчилердин кайратман жана ак ниет эмгеги менен гана өлкө өнүгүү жолуна түштү. Мен үчүн сиздерге сыйлык тапшыруу чоң урмат, - деди бүгүн Алмазбек Атамбаев.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо президент бардык сыйлангандарга 10 миң сомдон, өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон тапшырды. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG