Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

ЖК Орусия менен ГЭС макулдашуусун денонсациялоого макул болду


Кыргызстандын парламенти Орусия менен ГЭС куруу тууралуу макулдашууну денонсация тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун бүгүн үч окууда тең талкуулап, бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 97 депутаттын баары ага макул болду.

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.

Кыргыз тарап өз милдетин толук аткарып, бирок орус тараптан иш жылбай жатканын айтып, макулдашуудан чыгууну чечкен.

Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт, андан кийин дипломатиялык каналдар аркылуу документтер алмашылат. (RK)

XS
SM
MD
LG