Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

"Керемет-Суудагы" жаңжалда өлгөн жарандын туугандары нааразылыкка чыкты


Акцияга чыккандар

Акцияга чыккандар

Ысык-Көлдөгү “Керемет-Суу” пансионатында былтыр киши өлүмүнө алып келген окуяга шектелгендер жоопко тартылбай жатканына нааразы болуп маркумдун жакындары бүгүн митингге чыгышты. Алар Чолпон-Ата-Каракол жолуна Өрүктү айылынын тушуна үч боз үй тигип, нааразылык билдиришүүдө. Уюштуруулар чогулгандардын саны 100дөн ашуун экенин “Азаттыкка” билдиришти. Алар “Керемет-Суу” пансионаты кайра иштей баштаганына да каршы экендиктерин айтышууда.

Милициядан комментарий алганга азырынча мүмкүн болгон жок.

Былтыр 13-августта Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Ортодо мушташ болуп, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан.

Мырзажалил Тажиевдин өлүмүнөн кийин жаалданган айыл тургундары эс алуу жайын жана Ишенбек Ашыровдун үй-мүлкүн өрттөп жиберишкен.

Ишти Ысык-Көл райондук соту карап жатат. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG