Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Чек арада терроризмге каршы машыгуу өтөт


Чек арачылар өткөргөн машыгуулардан бири.
Чек арачылар өткөргөн машыгуулардан бири.

Бүгүн Баткендеги Кызыл-Бел чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинде чек арачылардын башка күч кызматтары менен биргелешкен даярдык машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник Таалай Тажыбаев “Азаттыкка” билдирди. Машыгуу үч сценарий боюнча өтүп, анын негизин террорчулукка бөгөт коюу аракеттери түзөт.

Иш-чарада терроризм менен кошо аткезчиликке каршы жана маңзаттарды ташуунун алдын алуу боюнча көнүгүүлөр да жасалат.

Машыгууга чек арачылардан сырткары, Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын кызматкерлери, Бажы жана Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү катышат.(SE\JsA)

Чек арада терроризмге каршы машыгуу өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

XS
SM
MD
LG