Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Кыргыз футболчулары бүгүн Казакстан менен беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U 22) Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан шериктештик кубогунда бүгүн казакстандык атаандаштары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы менен саат 17:15те башталат.

Кыргызстандыктар буга чейин Беларус менен ойноп 1:0 эсебинде утуп алган. Молдовага 2:0гө утулган.

Шериктештик кубогу 17-январда башталган. 23-январда жыйынтыкталат. Ага сегиз мамлекеттин командалары катышууда.

"А” тайпасында Кыргызстан, Беларус, Казакстан жана Молдова күч сынашат. “B” тобунда Латвия, Эстония, Орусия жана Тажикстан ойнойт.

Кыргыз спортчулары өз тайпасында азырынча экинчи тепкичте келатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG