Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Тажикcтан: биринчи айымды көкөлөткөн сунуш


Эмомали Рахмондун жубайы, биринчи айым Азизамо Рахмон кичи ажылык сапарында жүргөн кезинде түшкөн сүрөт.
Эмомали Рахмондун жубайы, биринчи айым Азизамо Рахмон кичи ажылык сапарында жүргөн кезинде түшкөн сүрөт.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго улут көсөмү ыйгарылгандан кийин эми анын жубайы, биринчи айым Азизамо Рахмондун макамын жогорулатуу демилгеси көтөрүлө баштады.

Аны Мухаммед пайгамбардын жубайы, ыйык Айшага салыштырып, биринчи айымга “Тажикстан мусулман аялдарынын көсөмү” макамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Бул сунуш Тажикстандын “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттигинин расмий сайтына жарыяланды. Бул демилге тажик коомчулугунда кошоматчылыктын жеткен чеги катары сынга алынууда.

Президенттин артынан аялына

Тажикстандагы диний эксперт Абдулло Мухаккик “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттигинин сайтына жарыялаган макаласында президент Эмомали Рахмондун жубайы, өлкөнүн биринчи айымы Азизамо Рахмонованын макамын жогорулатып, ага өзгөчө наам берүү демилгесин көтөрдү. Анда аны Мухаммед пайгамбардын жубайы ыйык Айшага салыштыруу менен, ага “Тажикстан мусулман аялдарынын көсөмү” макамын ыйгаруу мезгилдин талабы экени белгиленген. Анткени президенттин жубайы өзүнүн жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү болууга татыктуу экени айтылган. Бул демилгеге карата азырынча Тажикстандын расмий бийлиги кандайдыр бир комментарий бере элек. Бирок адатта бийликтин көз карашын таратуучу “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттигинин сайтында бул демилгенин көтөрүлүшү тажик коомчулугунда эки анжы пикирди пайда кылды.

Бул тууралуу жазган “Озоди” тажик кызматынын журналисти Херомон Бакозаде биринчи айым бул демилгеге жооп кайтара электигин айтты:

- Демилгечи тарап биринчи айым Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуп чыккандыктан мына ошондой макамга татыктуу деп ынанат. Бирок Рахмон айым өзү муну билери жана анын бул демилгени колдору же колдобосу белгисиз. Ошол эле кезде бул демилге мамлекеттик сайтка жарыяланганына карабастан, расмий түрдө бийликтен эч кандай комментарий боло элек. Бирок соңку мезгилде бир кызыктай, талаштуу мыйзамдарды шашылыш кабыл алып жаткан парламенттин табиятын эске алганда, бул анчейин акылга сыйбаган демилге турмушка ашып кетеринен эч ким деле күмөн санабайт.

“Өзгөчөлөнүүнүн” өзөгү эмнеде?

Жакында эле президент Эмомали Рахмондун өзүнө “улут көсөмү” макамы ыйгарылып, анысы Башмыйзамда бекитиле электе, экинчи жолу мындай демилгенин көтөрүлүшү тажик коомунда курч талкуу жаратты. Байкоочулар президент башында өзүнө, анан эми аялына, кийин башка жакындарына өзгөчө макам ыйгара берсе, анын аягы барып мамлекеттин коопсуздугуна коркунучу келтирип, туруктуулукка шек туудурушу мүмкүн экенин айтышууда. Эл аралык тажрыйбада биринчи айымдар Раиса Горбачеванын, принцесса Диананын, Мишель Обаманын жана Мехрибан Алиеванын кайрымдуулук иштерине багытталган социалдык-гуманитардык программалар менен иш алып барганы өлкөнүн ичинде жана сыртта жакшы баага арзыган. Бирок талдоочулардын баамында, президенттин жубайынын макамын атайын мыйзам менен көтөрүү демилгеси дүйнөдө боло элек болчу, - дешет айрым тажик талдоочулары.

Тажик эксперти Умед Жайхони мамлекет башчысынын жубайы ар кандай салтанаттарга катышуу менен маданий жана социалдык багыттагы ишмердик менен алектенүүгө акысы бар, бирок ага өзгөчө макам ыйгарууну көшөкөрдүк жана кошоматчылык катары түшүнүү керектигин айткан. Башка бир журналист Абдуазим Абдуваххоб муну керт башына сыйынуучулук деп атап, ал тажик аткаминерлеринин арасында “айыккыс оору” катары жайылганына көп болгонун белгилеген. Тажик журналисттери менен эксперттердин айтымында, жеке керт башына сыйынуучулук мурда президент Рахмондун өзүнө гана багытталса, эми анын чөйрөсү кеңейе баштаганын байкашкан. Абдуазим Абдуваххоб президенттин жакындарына кошомат жасоо соңку мезгилде чегинен ашып кеткенинине токтолгон. Тажик акыны Бахтиёр Амини болсо бул “оору” тамырлашып кетип, президенттин үй-бүлөсүн курулай мактоо, көшөкөрдүк жана жагынуу мамлекеттик саясатка айланганын айтып, сынга алган.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун ажылык сапарын жубайы коштоп жүргөн. 5-январь, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG