Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Орус акчасы кечке жуук дагы эки рубльга түштү


Орусияда рубль бүгүн да арзандоосун улантып, эң төмөнкү чекти жаңылады. Москва биржасында эртең менен бир доллар 80 рубльду чапчыса, кечинде 82 рубльга чыкты. Бир евро 89 рубльдан ашты.

Орус акчасынын буга чейинки эң төмөнкү чеги 2014-жылдын декабрында катталып, анда бир доллар 80 рубльга барабар болгон эле.

Мындай арзандоо дүйнөлүк базарда мунай баасы улам ылдыйлап баратышы менен байланыштырылууда. Бүгүнкү соодада Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 28 долларга да жетпей калды.

Иранга каршы экономикалык чектөөлөр алынган соң мунайдын баасы да улам арзандоодо.

XS
SM
MD
LG