Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Кыргызстанда мамлекеттик мааракелердин саны кыскарды


1916-жылдагы Үркүн алааматынын 100 жылдыгына арналган илимий иш-чара.

1916-жылдагы Үркүн алааматынын 100 жылдыгына арналган илимий иш-чара.

Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук деңгээлдеги мааракелердин тизмесин бекитти. Ага ылайык, быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, кеменгер ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык маанидеги иш-чаралардын катарына кирди.

Буга чейин өкмөт мамлекеттин эсебинен каржылануучу маараке тойлорду азайтуу демилгеси менен чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 75 иш-чарадан турган тизмени сунуштаган. Анын зарыл дегендери тандалып алынды.

Ошондой эле быйылкы Тарых жана маданият жылын татыктуу өткөрүү үчүн мамлекеттик дирекция түзүлүп, ага кыска убакытта иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. (SE\NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG