Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Сирияда тынчтык орнотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр кийинки айда өтөт. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Цюрихтеги жолугушуусунда айтылды. Алар эл аралык коомчулуктун ортомчулугу менен Сириянын өкмөтү жана оппозициялык топтордун жолугушуусу ар кандай пикир келишпестиктерге карабай, кийинки айда баштала турганын жарыялашты.

Тараптар оппозицияга ким өкүл болушу керектиги тууралуу маселеде мунаса таба албай жатышат.

Сергей Лавров Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоо зарылдыгын айтты. Бул багыттагы алдын ала кеңешмелер 25-январга белгиленди. Андан кийин бийлик менен оппозиция кайсы күнү жолугушары тууралуу макулдашуу Бириккен улуттар уюмуна жиберилип, акыркы чечимди уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын көмөгү менен кабыл алат.

18-январда БУУ дүйнөлүк державалар, анын ичинде Орусия менен АКШ Сирия оппозициясына өкүл болуу боюнча бир пикир табууга тийиш экенин жарыялаган. Сирия чатагында Москва Башар Асаддын бийлигин колдосо, Вашингтон оппозицияны кубаттап келет. (SE\NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG