Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Токтонасыров мандат чырына байланыштуу акция өткөрөт


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүруш Токтонасыров парламенттин “Кыргызстан” фракциясындагы мандат чырына байланыштуу бүгүн Жогорку Соттун алдына пикетке чыгат. Ал “БШК кумаркана эмес. Бүт курамыңар менен тарагыла!”, “Кыргызстан деген атка шек келтирбегиле!” деген жазууларды көтөрүп аларын “Азаттыкка” билдирди. Активист фракциядагы мандат талашууну обу жоктук деп сыпаттоодо.

БШК 11-январда фракция жетекчилигинин сунушу менен эки депутатты мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. Эл өкүлдөрү буга нааразы болуп, Бишкектин Биринчи Май сотуна кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарган. Буга нааразы болгон БШК Жогорку Сотко кайрылып, ишти кароо 21-январга белгиленген.

Депутаттар кызматты тапшырууга арыз жазышпаганын айтып, фракция жетекчилиги жең ичинен иш бүтүргөн деп даттанышууда. Бул маселени Башкы прокуратура да текшерип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG