Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 19:06

Жалал-Абадда жер титиреди


Бүгүн, 21-январда Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча саат 04:45те очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн очогу Кара-Булак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышты карай, Эски-Массы айылынан 10 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак, Эски-Массы айылдарында 3 балл, Көк-Таш, Гелеген, Алма айылдарында 2,5 балл болду. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG