Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Чоң-Өрүктүдө нааразылык акциясына чыккандар тарады


Чоң-Өрүктүдө нааразылыкка чыккандар
Чоң-Өрүктүдө нааразылыкка чыккандар

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында кечээ кечинде нааразылыкка чыккандар бүгүн тарап кетишти. Алар прокуратура, милиция жана облустук бийликке 11 талап коюлган катын тапшырып, 1 жума убакыт бермей болду.

Былтыр 13-августта Чоң-Өрүктүдө жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Мушташ учурунда пансионат ээсинин тарапкерлеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада көз жумган.

Көп өтпөй мерт болгон адамдын жакындары эс алуу жайын жана Ишенбек Ашыровдун үй мүлкүн өрттөп жиберген.

Адам өлүмүнө айыптуулар жоопко тартылбай жатканына нааразы болгон 100дөй адам кечээ, 20-январда протест уюштуруп, Чолпон-Ата - Каракол унаа жолундагы Өрүктү айылынын тушуна үч боз үй тиккен. Бирок кечинде облустук милициянын жетекчиси Эмилбек Салиев менен жолугушуудан кийин боз үйлөрдү чечип коюшкан. Бүгүн дагы 100гө жакын киши чогулуп, талаптарын жазып бергенден кийин тарап кетти.

Ишти Ысык-Көл райондук соту карап жатат. (AsM)

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG