Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Жогорку Кеңеш мандат талаш маселесин бүгүн карайт


Жогорку Кеңеш мандат талаш маселесин бүгүн карамай болду. Мындай чечимге 61 депутат макулдугун берди.

Маселе өткөн аптадан бери сунушталып, бирок күн тартибине кирбей келаткан.

"Кыргызстан" фракциясынын сунушу боюнча деген негизде Боршайком өткөн аптада депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул чечим мыйзамсыз деп аталган. Талаш маселе Жогорку Сотто бүгүн саат 15:00дө каралганы жатат.

Ага чейин "Республика" фракциясынан депутат Жыргалбек Саматов кош жарандыгы бар деген негизде мандатынан 3 жолу ажырап, акыр-аягы Жогорку Соттун чечими менен кайра депутаттыкка келген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG