Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Саматов: Бабановдун таржымалын текшерүүгө мезгил келип жетти


Жыргалбек Саматов
Жыргалбек Саматов

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жарандыгы боюнча маселени жана анын таржымалын текшерүүнү талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн ал парламент жыйынында айтып, Башкы прокуратурага тиешелүү протоколдук тапшырма берүүнү төрагадан өтүндү.

- Бабанов менин жарандыгым боюнча маселени козгоодо. Бирок өзү Казакстандын жараны экенин эл билбейт окшойт, - деди ал.

Саматов ошондой эле Бабановду "жеке саясий амбициясы үчүн өлкөнүн тынчтыгын курмандыкка чалууга даяр, ал президенттик шайлоого даярданып, эмитен өзүн өлкө башчы сезип жатат" деген пикирин айтты.

Жыргалбек Саматов парламентке "Республика - Ата-Журт" партиясы аркылуу келген. Бирок кийин ал Орусиянын жараны деген негизде мандатынан бир нече жолу айрылып, кайра Жогорку Соттун чечиминен кийин гана алган. Ошондон кийин аны фракциядан чыгарып коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG