Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

"Жунданын" өкүлү өлкөдөн чыгууга камданып жатканы үчүн камалды


"Жунда" заводу
"Жунда" заводу

Кара-Балтадагы "Жунда" кыргыз-кытай мунай иштетүүчү заводунун жетекчи орун басары Ю Шан Лин Кыргызстандан чыгып кетүүгө камынып жатканына байланыштуу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашыров айтты:

- Ал тез арада өлкөдөн чыгышы керектигин айтты. Ошондуктан тергөөчү эгер ал кетип калса иш ордунан жылбай калышы ыктымал деген негизде камоо сунушун киргизген.

Кытай жараны Ю Шан Лин 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө маалына эки айга камакка алынган. Буга "Жундада" 54 миллион сомдук салык жашыруу факты себеп болгону айтылууда.

19-январда Жогорку Кеңеш депутаттарынан турган топ ишканага барып, абал менен жеринен таанышып келген. Парламенттин отун-энергетикалык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, Каржы полициясынын чечими менен заводдун иши токтотулуп, мунун айынан 13-20-январда 16 миллион сом түшпөй калды жана 600-700дөй жумушчу ишсиз олтурат.

Ал эми "Азаттыктын" кабарчылары бүгүн "Жундага" барганда кызматкерлер иш токтобогонун айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG