Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында башталган кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму соңуна чыкты.

Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат. Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери саналат.

20:23 21.1.2016

Түрк ишкерлери кыргызстандыктар менен тажрыйба бөлүшүүдө

Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандан барган ишкерлерге түрк тарап өздөрүнүн орто жана чакан ишкердикти колдоо тажрыйбасын айтып берүүдө

Ушу тапта Түркиянын Орто жана чакан ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү башкармалыгы кыргыз ишкерлеринин суроолоруна жооп берип жатат. Түркиядагы ишкерлер, эрежеге ылайык, өлкөнүн Соода жана өнөр жай палатасына мүчө болмоюнча иш жүргүзө алышпайт. Учурда бул палатага 1,2 млн. адам мүчө.

Түркиянын мыйзамдары боюнча он жумушчусу бар ишкана кичи, жүз кишиге чейин чакан, 250гө чейин жумушчусу бар ишкана орто бизнес деп саналат. Ишканалар ушул көрсөткүчтөр менен иш алып барат жана ушуга жараша мамлекеттен колдоо алат.

19:27 21.1.2016

17:55 21.1.2016

2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын товар алмашуусу 312,2 млн. долларды түзсө, 2015-жылы 232,8 млн. долларды түзгөн. Буга Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши жана дүйнөлүк кризис себеп болгон. Экспорт 14,3 млн. долларга кыскарган.

Учурда кыргыз-түрк ишкерлери бир-бирден эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 300 ишкана бар.

17:48 21.1.2016

Туркиянын бажы жана соода министри Бүлент Түфекчи: Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен бирге экономикалык атаандаштыкты арттырабыз

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG