Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

ГЭС курууга жумшалды деген 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңеште Нарында ГЭС курууга жумшалды деген 37 миллион доллар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Комиссиянын курамына ар бир фракция өз өкүлдөрүн сунуштап, жыйынтыгында ага 12 депутат кирди.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканына байланыштуу Кыргызстан бул макулдашууну денонсациялаганы жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору кечээ парламентте жактырылды.

"Ата Мекен" фракциясынын сунушу боюнча түзүлгөн комиссия 37 миллион сом эмне максатта пайдаланылганын текшерет. Аталган фракциядан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун кечээ айтканына караганда, "ал жерде 37 эмес, 5 миллион долларлык да иш жасалган жок". (RK)

XS
SM
MD
LG