Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Кожошев: Кыргызстан ишкерлер үчүн бейиш

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталды. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү.

Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлер форумунда айтты. Кожошевдин пикиринде, Кыргызстанда салыктар аз жана жумушчу күчү арзан.

“Баарыңыздарды Кыргызстанга чакырам. Бизге инвестиция салуу үчүн учак билетин алуу жетиштүү. Калган шарттардын баарын кыргыз өкмөтү түзүп берет” деп ишендирди Кожошев.

Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталды. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG