Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Президент энергетикадагы абалды талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевди кабыл алып, тармактагы абалды талкуулады.

Калиев ири энергетикалык долбоорлор, тармакты өнүктүрүү багытында потенциалдуу инвесторлордон келип түшүп жаткан сунуштар тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыш бүткөнчө калкка жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо талабын коюп, ири ГЭСтерди реконструкциялоо, Бишкек ТЭЦин жана негизги электр ишканаларын модернизациялоо багытында иш-максаттар бар экенин баса белгиледи.

Кыргыз өкмөтү буга чейин өз-өзүнчө иштеп келген электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана жеткирүү компанияларын бириктирип холдинг түзүү чечимин кабыл алган. Ага жетекчи болуп буга чейин экономика министринин энергетика жаатында орун басары болуп иштеген Айбек Калиев дайындалган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG