Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Британ иликтөөсү: Путин Литвиненкону өлтүрүүгө “балким макулдук берген”


Александр Литвиненконун жубайы Марина жана уулу Анатолий Лондондун Жогорку сотуна келген учур. 21-январь, 2015-жыл.
Александр Литвиненконун жубайы Марина жана уулу Анатолий Лондондун Жогорку сотуна келген учур. 21-январь, 2015-жыл.

2006-жылдагы окуя боюнча коомдук иликтөөнүн жыйынтыгы бүгүн Лондондун Жогорку сотунда жарыяланды.

Ага ылайык, Орусиянын мурдагы коопсуздук агенти Александр Литвиненконун британ башкалаасында ууландырып өлтүрүлүшүнүн артында орус бийлиги турат, буга “балким президент Путин өзү да макулдук берген”.

Британ судьясы Роберт Оуэндин айтымында, иликтөө Литвиненко ФСБнын буйругунун негизинде орус жарандары Дмитрий Ковтун жана Андрей Луговой тарабынан өлтүрүлгөнүн көргөзүп жатат.

Ал эми өлтүрүүнүн себеби Путин менен Литвиненконун жана президенттин администрациясы ортосундагы каршылык болушу мүмкүн.

Кремл бул кылмышка тиешеси бардыгын такай четке кагып жүрөт.

Орусиядан 2000-жылы чыгып кеткен Литвиненко Путиндин сынчысына айлангандан кийин 2006-жылы Лондондо полоний -210 заты кошулган чай ичкенден кийин мерт болгон.

Орусия Британиянын кылмышка шектүү эки жаранды экстрадициялоо өтүнүчүн бир нече ирет четке каккан эле.

Орусиянын Тышкы иштер министрилги британ иликтөөсүнүн бүтүмүн “саясий жүйөсү” бар деп атап, ал Москва менен Лондондун алакасына көлөкө түшүргөнүн жана иликтөөдө ысымдары аталган жарандары Луговой менен Ковтунга каршы эч кандай чара көрүлбөй турганын белгиледи.

Литвиненконун жесири Марина Литвиненконун пикиринде, иликтөө Орусияга, анын ичинде президент Путинге каршы жаңы санкция киргизүү зарылдыгын ачыктады. (UE)

XS
SM
MD
LG