Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Парламентте вице-спикер Нурбек Алимбековго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү


“Кыргызстан” фракциясындагы мандат чыры боюнча маселе Жогорку Кеңештин күн тартибинен улам алынып жатканы үчүн жыйынды жетектеп жаткан Нурбек Алимбековго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Бул абалды сындаган ондон ашуун депутат маселени токтоосуз жыйынга алып чыгууну талап кылышты. Алар Жогорку Кеңеш жетекчилиги атайын мыйзам бузуп жатканына токтолушту.

“Республика – Ата журт” лидери Өмүрбек Бабанов Алимбековго ишеним көрсөтпөө маселеси фракциянын жыйынында көтөрүлүп, сунуш кабыл алынарын билдирди.

Алимбеков маселе мыйзам жүзүндө болуп жатканын айтып, бул талашта жеке ар-намыска байланыштуу сөздөрдү айтпоого чакырды.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатын БШК фракциянын сунушуну негизинде алып салган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту муну мыйзамсыз деп тапкан. Бүгүн Жогорку Сот БШКнын чечимин кайра күчүндө калтырды. (SE)

XS
SM
MD
LG