Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Жогорку Кеңеште депутаттардын мандат талашы карала баштады


“Кыргызстан” фракциясындагы Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын мандатынан ажыратуу маселеси Жогорку Кеңеште ушул тапта карала баштады. Өткөн жумадан бери бул жагдай парламенттеги күн тартибинен улам алынып жатканы көпчүлүк депутаттардын сынына кабылып, бул Жогорку Кеңештин жетекчилиги тарабынан атайын жасалып жатканын айтышкан. Учурда БШКнын мүчөлөрү, ишти карап жаткан күч органдарынын кызматкерлери баяндама жасап жатышат.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатын БШК фракциянын сунушуну негизинде 11-январда алып салган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту муну мыйзамсыз деп тапкан. Бүгүн Жогорку Сот БШКнын чечимин кайра күчүндө калтырды.

Депутаттар кызматтан кетүүгө арыз жазышкан эместигин, бул жең ичинен жасалганын билдирип жатышат. Ишти Башкы прокуратура текшерип жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG