Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Молдовада өкмөткө каршы нааразылык уланууда


Молдованын парламенти имараты алдына чогулган демонстранттар. 21-январь, 2016-жыл.
Молдованын парламенти имараты алдына чогулган демонстранттар. 21-январь, 2016-жыл.

Кишиневдогу бүгүнкү демонстрацияга, маалыматтарга караганда, жети миңдей киши чыкты.

Парламент имараты алдына жыйналгандар жаңы дайындалган премьер-министр Павел Филиптин европачыл багытты кармана турган өкмөтүнө каршылык билдирип, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылууда.

Мунун алдында кечээги нааразылык акциясы учурунда демонстранттар тобу парламент имаратына кирип барган кездеги тополоңдон он киши жаракат алганы айтылган.

Демонстранттардын жолун полициянын атайын күчтөрү торогон. Жаракат алгандардын жетөө полицейлер, ал эми башынан жаракат алган үч саясатчынын арасында мурда президенттин милдетин убактылуу аткарган Михай Гимпу да бар.

Молдованын буга чейинки өкмөтү банк секторунда чыккан жаңжалга байланыштуу былтыр октябрда кызматтан кеткен эле.

Андан бери парламент премьер-министрди эки ирет шайлай албай койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG