Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Молдова: өкмөткө каршы нааразылык


Молдова: өкмөткө каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Кишиневдогу бүгүнкү демонстрацияга, маалыматтарга караганда, жети миңдей киши чыкты. Парламент имараты алдына жыйналгандар жаңы дайындалган премьер-министр Павел Филиптин европачыл багытты кармана турган өкмөтүнө каршылык билдирип, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылууда. Мунун алдында кечээги нааразылык акциясы учурунда демонстранттар тобу парламент имаратына кирип барган кездеги тополоңдон он киши жаракат алганы айтылган. Демонстранттардын жолун полициянын атайын күчтөрү торогон. Жаракат алгандардын жетөө полицейлер, ал эми башынан жаракат алган үч саясатчынын арасында мурда президенттин милдетин убактылуу аткарган Михай Гимпу да бар. Молдованын буга чейинки өкмөтү банк секторунда чыккан жаңжалга байланыштуу былтыр октябрда кызматтан кеткен эле. Андан бери парламент премьер-министрди эки ирет шайлай албай койгон.

XS
SM
MD
LG