Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Шериктештик кубогунда Кыргызстан коло байге үчүн ойнойт


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22). Санкт-Петербург. 19-январь, 2016-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22). Санкт-Петербург. 19-январь, 2016-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22) ушул күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Шериктештик кубогунда коло байге үчүн ойнойт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылган.
Кыргыз футболчулары 21-январда тайпалык акыркы оюнда Казакстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон. Кыргыз тарапка тиешелүү голдорду Акрамжан Умаров жана Абай Боколеев киргизди. Натыйжада упайлардын айырмасы боюнча Кыргызстан "А" тайпасында экинчи орунду алды.

Шериктештик кубогунун оюндары 17-январда башталып ага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларус, Тажикстан, Эстония, Латвия жана Орусиянын 22 жашка чейинки жаштар курама командасы катышууда. Кыргызстан "А" тайпасында Казакстан, Молдова жана Беларус командалары менен ойноду. Кыргыз командасы буга чейин Беларусту 1:0 эсебинде утуп, молдовалыктарга 2:0 эсебинде жеңилген эле. Бул тайпада Молдова алты упай менен биринчи орунду алып финалга чыкты.

Мелдештин эрежесине ылайык, тайпада биринчи орунду алгандар финалда ойношсо, экинчи орундагылар коло байге үчүн беттешет.

Эми 23-январда Кыргызстандын жаштар курама командасы алгачкы жолу Шериктештик кубогунун 3-оруну үчүн ойнойт. Алардын атаандашы "В" тайпасында ойногон Орусия менен Эстония командаларынын бүгүнкү беттешинен кийин белгилүү болот.

Шериктештик кубогунун оюндарында Кыргызстандын жаштар курама командасы 2015-жылы алтынчы орунду ээлеген. Ага чейин эки жолу тогузунчу, бир жолу он экинчи орунду алган. (ECh)

Кыргызстан менен Казакстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын (U-22) беттеши. 21-январь, 2016-ж.

XS
SM
MD
LG