Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Немцовдун кызы атасынын өлүмү ачылды деген ырастоону четке какты


Жанна Немцова атасын акыркы сапарга узатуу учурунда. Москва, 3-март, 2015-жыл.
Жанна Немцова атасын акыркы сапарга узатуу учурунда. Москва, 3-март, 2015-жыл.

Жанна Немцованын бүгүн билдиргенине караганда, ал атасы Борис Немцовду өлтүрүү менен байланышкан кылмыштын бети ачылды деп эсептебейт.

Немцованын айтымында, Орусиянын Тергөө комитети кылмыштын бети ачылышына эч кызыкдар эмес.

Мунун алдында Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Немцовдун өлүмү ачылганы тууралуу "Российская газета” басылмасындагы маегинде билдирген.

Оппозиция лидери Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда атып өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу чечен улутундагы беш адам кармалып, аларга айып коюлган.

Бирок Немцовду өлтүрүүнү уюштурду деп шектелген адам, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Рустам Мухидинов али качып жүрөт.

Немцовдун адвокаттары менен туугандары тергөөнүн тыянагына анчалык ишенбей, саясатчынын көзүн тазалоого буйрук жогорку кызмат адамдары тарабынан берилген деп ырастап келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG