Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Казакстандагы Алматы шаарынын абасы жашоочулар үчүн кооптуу деп табылды. Бул тууралуу Almaty Urban Air долбоорунун активисттеринин иликтөөсүндө айтылат. Алардын маалыматына таянсак, Алматы бир нече жылдан бери жаратылышы бузулган калаалардын катарында турат. Абанын булганганы ченемден ашып кеткени менен бийлик чыныгы экологиялык абалды жашырып келгени иликтөөдө ырасталган.

Активисттер Казакстандагы АКШ элчилигинин грантын утуп, PM10 деп аталган абаны текшерген жабдык менен айланага байкоо салышкан. Аны шаардын борборуна орнотушуп, натыйжада абанын ченемден тыш 8 эсе көп булганганы аныкталган.

Коомчулукта кызуу талкуу жаралган соң, жергиликтүү бийликтин булганган аба жөнүндө ачык айта баштаганы байкалууда. (SE\AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG