Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурдагыга караганда 80 миллион долларга азайган. 21-январда Анкарада башталган эки күндүк кыргыз-түрк бизнес форумунда айтылгандай, 2014-жылы товар алмашуу 312 миллион доллардан ашса, 2015-жылы 232 миллион 800 миң долларды түзгөн. Адистердин белгилешинче, экспорт жана импорттун төмөндөшү дүйнөдөгү экономикалык кризистерге жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу болгон.

Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 300 ишкана бар.

Анкарадагы форумга эки тараптан 300дөй өкүл катышууда. (SE\UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG