Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жалал-Абад шаарынын муниципиалдык маалымат саясаты иштелип чыкты


Жалал-Абад шаарында муниципиалдык маалымат саясатын жөнгө салуучу документ иштелип чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриянын медиа борборунун башчысы Жалил Сапаров билдирди. Анын айтымында, документ 2016-2017-жылдарга эсептелүүдө:

- Өлкөдөгү бир да шаарда мындай тажрыйба жок экен. Орусиянын мисалына таянып алгачкылардан болуп иштеп чыктык, - деди Сапаров.

Документ мэриянын кароосуна жөнөтүлдү. Максаты - Жалал-Абаддагы мекемелердин алдыга койгон иш-пландарына, алардын аткарылышына маалыматтык көмөк көрсөтүү.

Өткөн жылдын сентябрь айында шаардык мэриянын алдында медиа борбор уюштурулган. Интернет сайт, видеопродакшн жана гезиттен турган борбор шаардыктар менен калаа жетекчилигинин ортосунда байланыш түзүү максатын көздөйт. (RsK)

XS
SM
MD
LG