Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Мекен жөнүндө дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү Малайзияда болду


Мекен темасындагы дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн Малайзияда өткөргөн бир апталык сапары соңуна чыкты. Алар 14-21-январь күндөрү өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Нажиб Тун Разак окуган мектепте болуп, малайзиялык окуучулар менен жолугушту жана бир катар кызыктуу жерлерди кыдырышты.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана 9 жалпыга маалымдоо каражаты былтыр 17-ноябрда окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" аттуу бир айлык дилбаяндар сынагын жарыялаган. 1000дей катышуучунун арасынан 9 улан-кыз жеңүүчү аталган.

Сынактын шартына ылайык "Азаттык" радиосу Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дилбаяндарын кабыл алып, жыйынтыгында Миң-Өрүк айылында жашаган 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова жеңүүчү деп табылган.

Сапар жыйынтыгында Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов мыкты дилбаян жазып, кышкы эс алуусун ушул өлкөдө өткөрүү укугун алган окуучуларга диплом, ал эми сынакты уюштурууга жардамдашкан ЖМК жетекчилерине ыраазылык кат тапшырды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG