Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Грекиянын жээгинде качкындар бараткан эки кайык чөгүп кетти


Учурда сууга чөккөн качкындарды куткаруу операциясы улантылууда. Грекиянын жээк кайтаруу кызматы таң эрте Фармаконисси аралынын алдында 50 мигрант жүктөгөн кайык чөгүп кеткенин кабарлады. Алардын кыркка чукулу жээкке чейин сүзүп жетишкен. Куткаруучулар жети эркек адамдын жана бир кыздын жасатын суудан алып чыгышкан.

Ошол эле учурда Калолимнос аралынын жанында сууга чөккөн экинчи бир кайыктагыларды куткаруу операциясы улантылууда. Кайыктагы адамдардын так саны айтыла элек. Куткаруучулар 26 адам куткарылганын жана 14 адамдын жасатын суудан алып чыгышканын кабарлады. Учурда калган адамдарды куткаруу иштери улантылууда.

XS
SM
MD
LG