Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму уланууда


Кыргыз-түрк бизнес форуму, 22-январь, 2016-жыл.

Кыргыз-түрк бизнес форуму, 22-январь, 2016-жыл.

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму уланууда. Бүгүн эки өлкөнүн ишкерлери бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Уюштуруучулардын айтымында, эки тараптуу жолугушууларга 230 ишкана өкүлү катышууда.

Бүгүн түштөн кийин кыргыз ишкерлери Түркиянын ОСТИМ өндүрүш борбору менен жакындан таанышат. Ал жерде 5200 ишкана товардын 190 түрүн өндүрүп, 17 өлкөгө экспорттойт.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, эки өлкөнүн соода, өнөр жай палаталарынын башчылары да катышып жатат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG