Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Мисирдеги жардыруудан тогуз адам набыт болду


Мисирдин Гиза шаарындагы имараттардын биринде жардыруу болду. Анын кесепетинен кеминде тогуз адам каза тапты. Алардын ичинен алтоо полициячылар экени кабарланды. Бул үчүн бийлик жоопкерчиликти “Мусулман бир туугандар” тобуна оодарды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, полицияга Каирге бараткан жолдогу Гиза шаарында имараттардын биринде жоочулар жашырынганы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция күчтөрү имараттын ичине кире бергенде ал жактан жардыруунун үнү угулган. Мындан кеминде он үч адам жараат алганы кабарланды. 2013-жылы Мисирде Мухаммад Мурси президенттиктен кулатылгандан кийин жихадчылар аскерлер менен полициячыларга кол сала баштаган. Мурси “Мусулман бир туугандар” кыймылынын өкүлү болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG