Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

ЖК делегациясынын Сауд Арабиясына расмий сапары аяктады


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегациянын Сауд Арабиядагы бир жумалык расмий сапары жыйынтыкталды. Кыргыз тарап бул сапар ийгиликтүү болгонун айтууда.

Эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Мындан сырткары парламенттик делегация Эр-Рияд менен Медина шаарларында билим алып жүргөн кыргызстандык жаштар менен жолугушуп, алардын ал-абалынан кабар алышты.

Соңунда депутаттар Мекке шаарында зыярат кылып, кичи ажылыктан (умра) өтүштү.

Расмий делегациянын курамында КСДП фракциясынан Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, "Кыргызстандан" Канатбек Исаев, "Бир Болдон" Мыктыбек Абдылдаев, “Ата Мекенден” Сайдулла Нышанов “Өнүгүү-Прогресстен” Тазабек Икрамов, “Республика - Ата-Журттан” Динара Исаева жана Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев болду. (RK)

XS
SM
MD
LG