Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Литвиненкону ууландырууга шектелген Луговой менен Ковтунду камоо буйругу чыгарылды


Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун (солдо).
Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун (солдо).

Улуу Британиянын ички иштер министри Тереза Мэй Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун Орусиянын аймагынан чыгаары менен камакка алына турганын билдирди. Анткени аларды камакка алууга эл аралык буйрук берилгени белгилүү болду.

Расмий Лондон Орусиянын Федералдык кызматынын мурдагы офицери, Улуу Британиянын атуулдугун алган Александр Литвиненконун өлүмүн иликтөө үчүн кызматташуудан баш тартканы үчүн расмий Москваны айыптады. Кылмышка шектүүлөр Литвиненкону 2006-жылы Лондондогу суши-барда полоний-210 радиактивдүү заты менен ууландырганы тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгы 21-январь күнү сотто жарыяланган болчу. Иликтөөнү жетектеген судья Роберт Оуэн бул кылмышты аткаруучулар катары орусиялык атайын кызматтын өкүлдөрү Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтундун атын атаган. Ошондой эле бул иш ФСБнын ошондогу жетекчиси Николай Патрушев жана президент Владимир Путиндин макулдугу менен ишке ашуусу мүмкүн экени жарыяланды. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Андрей Луговой өзүнө карата доону абсурд катары баалап, иликтөөнүн жыйынтыгын тааныбай турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG