Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Сомалиде ресторанды жардыруудан 17 адам курман болду


Могадишидеги ресторанды жардыруудан кийин, 22-январь, 2016-жыл.
Могадишидеги ресторанды жардыруудан кийин, 22-январь, 2016-жыл.

Сомалинин борбору Могадишо шаарындагы популярдуу жээкте жайгашкан ресторанды жардыруудан кеминде 17 адам каза таап, ондогон адамдар жараат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция маалымат таратты.

Полициянын маалыматы боюнча, Аль Шабааб тобунун жоочулары мина коюлган эки автоунаа менен келип, ресторандын жанында аларды жардырышкан. Андан соң аларды токтотууга аракеттенген полициячылар менен аткылашып, ок атышуу бир нече саатка созулган. Ресторанга кол салуу кандай максатты көздөгөнү жана бул үчүн жоопкерчилик алган тараптан комментарий боло элек.

XS
SM
MD
LG