Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Агентке алданган мургапчы кыз


Мургаб районунда социалдык тармактар аркылуу кыздар алданып калган учурлар жок эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" мургабдык келин айтып берди.

Tажикстанга караган бийик тоолуу Мургаб районунда интернеттин келиши менен күйөөгө чыгам деген кыздардын алданып калган учурлары да каттала баштады. Мургаб районунун борборунда жарык дүйнөгө келген, Кыргызстандан билим алган Гүлкайыр ооган чек арасына жакын айылдардын бирине келин болгон. Вотсап (WhatsApp) аркылуу таанышып, анан алданып калган кыз окуясын айтып берип, сөзүн өз турмушун баяндоодон баштады.

Агентке алданган мургапчы кыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

- Менин атым Гүлкайыр, 1987-жылы Памирде төрөлгөм. Биздин жашоодо кыйынчылык жок. Эртең менен саат 5:00дө турам. Мал кармайбыз, топоз саайм, бизде (топоздун) мамалактарын аркандап, энелерин айдайбыз. Бир күндө эки жолу - эртең менен, анан кечинде саайбыз. Тиричилик жалаң мал менен өтөт, жер-жемиш өспөйт, картошка, помидор жок. Терскен казабыз. Бул өтө кыйын иш, жоон таяк менен жерден чукуп казып алабыз. Азыр эле жүк ташыган унаа менен биз терип койгон терскенди алып кетишти. Ошончо терскенге жолдошум экөөбүз эки чакырым алыс жөө барып, казып, кайра жөө келдик. Терскен да улам азайып бара жатат. Ошондуктан, алыс барып, казып келе баштадык.

Гүлкайыр уулу менен
Гүлкайыр уулу менен

- Биздин угушубузча бул жакта кыздарды ала качып кетишет экен. Сени да ала качып кеткенби?

- Ооба, мени да ала качып келген. Ал убакта жигитим экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз, айылдан базарга бармай болуп, маршрутка тоскону чыккан жерден ала качып кеткен.

- Өзүң макулдугуңду бердиң беле же ич ара түшүнүшүп, анан ала качып кеттиби?

Гүлкайыр жолдошу менен ушул бир машина терскенди эки күн казышты
Гүлкайыр жолдошу менен ушул бир машина терскенди эки күн казышты

- Жок, алдын ала убада болгон эмес, ала качып келген, өзүм макул болуп кала бергем.

- Жерге-Талда кыргыз балдар бир кызды ала качабыз деп камалып жатышыптыр, аларды беш-алты жылга түрмөгө кесет экен. Бул жакта кандай?

- Бул жакта деле ошондой болгон, бирок бала менен кыз сүйлөшүп, бири-бирин жактырып кааласа кала берет.

Мургапчы келин: Агент - алдамчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

- Азыр интернет аркылуу таанышкандар көп эмеспи, силерде да ошондой көрүнүштөр барбы?

- Бизде бар, интернет аркылуу таанышып, ала качкандар көп болгон. Мисалга, бир кыз интернеттеги агент аркылуу бирөө менен таанышып, сүйлөшүп жүргөн. Бирок тиги "жигит" ал жакка өзүнүн сүрөтүн эмес, башка баланыкын коюп таанышкан. Той болгонго чейин экөө бири-бирин көргөн эмес. Той болор күнү кыз күйөөнү биринчи көрөт, ал кырк жаштан өткөн, улгайган киши экен. Кыз ага турмушка чыгып жатканына аябай ыйлаган. Бирок кыздын атасы кудаларга макулдугун берип койгон экен, кызын болбой эле кармата берди.

- Ошондон кийин интернет менен таанышуудан сак болуу керек экен деп жаштар ойлонуп калыштыбы?

- Бул ар кимдин өзүнөн, кээ бирлери жактырып, интернет тармагынан өзүн көрөт, түшүнгөндөрү түшүнөт, түшүнбөгөндөрү алданып, ээрчип кете беришет. Агент, Вотсап (сыяктуу социалдык тармактар) жалаң алдамчылар!

Гүлкайырдын кайын сиңдиси тамак жасап жаткан маал
Гүлкайырдын кайын сиңдиси тамак жасап жаткан маал

XS
SM
MD
LG