Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

АКШ Орусиянын беш ардактуу консулунун аккредитациясын чакыртып алды


АКШ мамдепартаменти бул чечимин “Орусиянын америкалыктарга карата жасаган мамилесине жооп экенин билдирди. “Бул чечим биздин Орусиядагы дипломаттык аракеттерибизге көптөн бери жолтоо болуп келе жатканына берилген жооп болду. Биздин кызматкерлердин артынан түшүп, аңдуу уланып жатат. АКШнын Москвадагы борбору жабылган жана жалпы Орусиядагы 28 америкалык объекттин иши токтотулган” деп билдирди АКШнын тышкы саясат боюнча өкүлү Марк Тонер. Ал ошондой эле мындан ары да америкалык кызматкерлердин Орусияда иштөөсүнө тоскоолдуктар жаралса, Вашингтон “тиешелүү кадамдарга барууга даяр” экенин эскертип, кырдаал Орусиянын АКШдагы элчиликтери менен консулдуктарына жана Вашингтондогу маданий борборуна таасири тийбей турганын кошумчалады.

Ал эми Орусия тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова Москва Ак үйдүн бул кадамын ачуулануу менен кабыл алганын маалымдады. Ал “Барак Обаманын администрациясы Орусия менен байланышты алсыздандырууну улантып жатат” деп айтып, “Орусияга каршы санкциялык агрессияны АКШ баштап, дүйнө жүзүнө орустарга каршы үгүт жүргүзүп жатат”,- деди.

Орусиянын АКШда алты ардактуу консулу бар болчу, алардын ичинен бешөө – Калифорния, Юта, Миннесота, Флорида жана Пуэрто-Рикадагы консулдарынын аккредитациясы чакыртылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG