Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

“Кыргызстан” партиясын каттоодон чыгаруу талабы коюлду


"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев парламентте ант берүүдө. Фракция лидерлери ичинен депутаттарды мандатынан эркинен тыш ажыратуу аракетин Канатбек Исаев биринчи болуп баштады.

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев парламентте ант берүүдө. Фракция лидерлери ичинен депутаттарды мандатынан эркинен тыш ажыратуу аракетин Канатбек Исаев биринчи болуп баштады.

Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Активист “Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги катарындагы мүчөлөрүнүн, эл шайлаган депутаттардын укуктарын тебелеп, гендерлик теңчиликти камсыздабаганы үчүн Кыргызстандагы партиялардын катарында турууга акысы жок деп эсептейт. Токтонасыров мындай талабы жазылган кайрылуусун Кыргызстандын юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын атына жолдогон:

- 22-январда кайрылдым. 25-январда жооп беребиз дешти. Эгер жооп болбосо, мен сотко кайрылам.

Өндүрүш Токтонасыров 22-январда “Кыргызстан” партиясын каттоодон чыгаруу талабы менен Юстиция министрлигинин алдында пикет өткөргөн.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы жакында курамындагы эки депутатты Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы депутаттык мандаттан ажыраткан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG