Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Уралдагы аялдар түрмөсүндө 11 кыргызстандык аял бар


Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан аял. Кыргызстан
Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан аял. Кыргызстан

Бул тууралуу Екатеринбургдагы башкы консул Төлөнбай Кожобаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, абактагы аялдар түрдүү кылмыштары үчүн камалышкан. Көбүнчө маңзат менен кармалышкан, уурулук кылып түшкөндөр да бар. Анын айтуусунда, Орусиянын Сибирь, Урал аймактарындагы түрмөлөрүндө 700гө чукул кыргызстандык кармалууда:

- Сибирь, Урал аймактарындагы түрмөлөрдө жалпысынан 687 кыргызстандык отурат. Алардын ичинде түрдүү кылмыштар үчүн айыпталгандар бар. Киши өлтүргөндө, уурулук кылып, маңзат менен кармалгандар көбөйдү.

Башкы консулдун айтымында, акыркы убактарда кылмыш кылып кармалган мекендештердин көпчүлүгү жаш улан-кыздар.

Бейрасмий маалыматка караганда, 1 миллионго жакын кыргызстандык учурда Орусияда мигрант болуп жүрөт. Орусиянын федералдык миграция кызматы 2015-жылы Кыргызстандан келген мигранттардын саны 550 миңден ашканын кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG