Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 23:40

Украин коопсуздук кызматы: Донбасста 8,5 миң орусиялык аскер бар


Бул маалыматты украин коопсуздук кызматынын башчысы Виталий Маликов жергиликтүү гезитке курган маегинде билдирген. Анда айтылгандай, Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасстын аймагында 8,5 миңге чамалуу орусиялык аскерлер жикчилдерди даярдыктан өткөрүшүүдө. “Ал жердеги командирлердин баары – орусиялыктар”, -деп билдирди Маликов. Ал ошондой эле мындан тышкары аймактагы бардык жикчилдерди башкарып, жетектеп турган Орусиянын атайын кызматы деп билдирди.

Донецк, Луганск аймактарында украин телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салынган. Ошондой эле интернеттен байланышууга да мүмкүн эмес.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Донбасстагы аскердик кагылыштарга Орусияны айыпташат. Кремл жикчилдерге эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бул айыптоолорду четке кагып келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG